Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:02

Бишкек мэри эл ташыган фирма башчыларын мыйзамды сактоого чакырды


Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл.
Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл.

Бишкектин мэри Албек Ибраимов жүргүнчү ташуучу ишкана ээлеринин жүйөлөрүн угуп, алар көтөрүп жаткан маселелер боюнча сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди. Бирок ал ириде жүргүнчүлөрдүн кызыкчылыгы биринчи орунда болушу керек экенин эскертти. Ибраимов ошондой эле 1-апрелден тартып күчүнө кирип жаткан мыйзамдар аткарылышы зарыл экенин да белгиледи.

Жолугушууда эл ташуучу ишканалардын жетекчилери маршруттук такси айдоочулары менен сүйлөшүп, жакын арада кайрадан каттамды жандантууга убада беришти.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна, бирдиктүү форма боюнча коюлган талапка нааразылык билдиришти. Айдоочулар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп салуу жана түшүрүү үчүн айыппулдун көбөйүшүнө да каршы экенин айтышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG