Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 17:50

Дүйшөмбү-Москва: аба каттамдары боюнча маселе чечиле элек


Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйшөмбү менен Москва эки өлкөнүн ортосундагы авиабайланыш тармагында түзүлгөн кырдаал боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Шейшембиде Тажикстандын делегациясы сүйлөшүүлөр үчүн Москвага бара турганын өлкөнүн Жарандык авиация агенттигинин башчысынын биринчи орун басары Азиз Набизода билдирди.

​Орусия менен Тажикстандын ортосундагы аба каттамдары боюнча кийинки пикир келишпестик 12-мартта, тажик тарап орусиялык «Урал аба жолдорунун» Пермден Дүйшөмбүгө каттам жүргүзүшүнө уруксат бербей койгондон кийин башталган. "Урал аба жолдору" тажик бийлигин "орус аба компанияларын рыноктон сүрүп чыгууну көздөйт" деп айыптаган.

Андан көп өтпөй Орусиянын Транспорт министрлиги Тажикстандын аба компанияларынын бир катар каттамдарына чектөө киргизди. "Росавиациянын" 31-марттагы мындай чечиминен кийин Тажикстандын «Сомон Эйр» авиакомпаниясы 2-апрелден тартып Дүйшөмбү менен Худжанддан Орусиянын 7 шаарына барчу каттамдарды убактылуу токтотууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG