“Биз тумчугуп жатабыз!” деп аталган жүрүшкө коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жарандык активисттер, экологдор чыгарын аны уюштуруп жаткан “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Булекбаев "Азаттыкка" билдирди.
Анын айтымында, акцияда баш калаада тал-теректерди кыюуну токтотуу, абанын булганышынын жана чаң-кирдин алдын алуу боюнча аракет көрүү, бак-дарактардын кыйылышына жол берген аткаминерлерди жоопко тартуу талабы коюлат.
Бишкектин Ленин райондук соту өткөн аптада район аймагында 1-апрелден 10-апрелге чейин митинг, акция өткөрүүгө тыюу салган. Уюштуруучулар соттун чечимине карабай бүгүн жүрүш болорун маалымдап жатышат.
Расмий маалыматка караганда, былтыр борбордо 3000ге жакын бак-дарак кыйылган. Мэр Албек Ибраимов бак-дарактарды кыюу аргасыз чара экенин, бирок кыйылган бир бактын ордуна былтыр жети, быйыл он бештен көчөт отургузулганын маалымдаган. Экологдор Бишкекте абанын булганышы нормадан 2-3 эсе көп экенин айтып чыгышкан. (NT)