Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:10

Депутаттык комиссия ЖЭБ боюнча иликтөөсүнүн жыйынтыгын чыгарат

Бишкек Жылуулук электр борбору.
Бишкек Жылуулук электр борбору.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин иликтеген депутаттык комиссия бүгүн жыйынтыктоочу жыйынга чогулуп, өз корутундусун жарыялайт. Мындай маалымат комиссиянын 2-апрелдеги отурумунда айтылды. Анда модернизациялоого кеткен чыгымдар талкууланып, тиешелүү жетекчилер Кытай тараптан бөлүнгөн акчанын сарпталышы тууралуу маалымат беришти.

Быйыл 26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Авария боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Февралда түзүлгөн депутаттык комиссия авариянын чоо-жайы менен катар модернизацияга кеткен Кытай насыясын да иликтеп жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG