Линктер

бейшемби, 19-июль, 2018 Бишкек убактысы 23:37

Уран Ахметовду юстиция министри кызматынан бошотуу тууралуу жардыкка мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков 3-апрелде кол койду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү маалымдагандай, Ахметов өзүнүн жазган арызына ылайык кызматынан бошотулду.

Юстиция министри Уран Ахметовду кызматтан алуу жөнүндө өкмөт башчы Сапар Исаков 2-апрелде президент Сооронбай Жээнбековго сунуш киргизген.

Уран Ахметовду министрлик кызматтан алууну парламент былтыр декабрда эле өкмөткө сунуш кылган. Депутаттар буга Орусия менен Кыргызстандын ортосундагы өкүлчүлүктөр боюнча ратификацияланган келишимдин ишке киришин кечеңдеткени үчүн, Мамлекеттик миграция кызматынын жетекчиси Медетбек Айдаралиев менен юстиция министри болуп турган Уран Ахметовду "компетентсиз" деп айыпташкан. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG