Өзбекстандан Кыргызстандын аймагына аткезчилик менен үрөн ташып жүргөн Кыргызстандын сегиз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдиришти.
Алар 59 кап пахтанын үрөнүн Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна алып келе жаткан жеринен кармалган. Аткезчилерге аны кыргыз-өзбек чек ара линиясында аккан каналдын Өзбекстан тарабынан белгисиз жарандар Кыргызстанга карай ыргытышкан.
Мамлекеттик чек ара кызматынын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Таалайбек Тажибаев аткезчилер чек араны түз бузбай, товарды тосмодон ашырып өткөрө баштаганын айтууда. Ошол себептүү алар бул көрүнүш менен күрөштү күчөткөнүн белгилейт.
Кармалгандардын жанынан алынган пахта үрөнү 100 миң сомго бааланган. Аткезчилерге айыппул салынды. (ErN)