Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Талас ОИИБне спикердин иниси жетекчи болуп дайындалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп Алмазбек Жумабеков дайындалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз катчысы Динара Сарногоева билдирди.

Алмазбек Жумабеков буга чейин жетекчинин орун басары болуп эмгектенген. Ал эми облустук ички иштер башкармалыктын мурдагы жетекчиси Ильяс Касымбаев ишиндеги кемчиликтер үчүн өткөн аптада жумуштан бошотулган.

Алмазбек Жумабеков - Жогорку Кеңештин төрагасы, "Кыргызстан" фракциясынын мүчөсү Дастан Жумабековдун бир тууганы. (AlS)

XS
SM
MD
LG