Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Бишкекте 1,5 миңге чукул маршруттук такси каттамга чыкты


Аялдамада унаа күткөн эл. Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.
Аялдамада унаа күткөн эл. Бишкек. 2-апрель, 2018-жыл.

Ушул тапта баш калаадагы 65 каттам боюнча 1400дөн ашуун кичиавтобус жүргүнчү ташып иштеп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы маалымдады. Анда айтылгандай, шаарда 127 автобус жана 104 троллейбус иштеп жатат.

2-апрелде Бишкекте маршруттук такси айдоочулар иш таштаган. Алар милдеттүү камсыздандырууга каршы чыгып, айыппулдун көлөмүн азайтууну жана тарифти көтөрүүнү талап кылышкан. Автобус-троллейбустар жетишпегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйгөн. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болгон.

Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотуларын билдирген. Ал эми өкмөт башчы Транспорт жана жол министрлиги менен Жол коопсуздугун камсыздандыруу башкармалыгына, ИИМге, УКМКга эл ташуудагы коррупцияны тыюуну тапшырган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG