Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:29

ЖЭБ боюнча депутаттык комиссиянын иши парламенттик жыйынга чыгарылат


Бишкек ЖЭБи.
Бишкек ЖЭБи.

Мындай чечим бүгүн Бишкек Жылуулук электр борборундагы аварияны иликтеген депутаттык комиссиянын кезектеги жыйынында кабыл алынды. Анда комиссия мүчөлөрунүн суроолоруна келишим түзүлүп жаткан чакта энергетика жана өнөр жай министри болуп турган Осмонбек Артыкбаев жооп берип, келишим түзүлөрдөн мурун Кытайга барган кыргызстандык делегация, иш сапарынын мазмуну тууралуу маалымат берди.

Айрым депутаттар комиссия ишин жыйынтыктаган соң корутунду чыгарып, аны жалпы парламенттин отурумуна алып чыгууну сунуш кылышты. Бул сунуш дээрлик бир добуштан кабыл алынды.

Жогорку Кеңеште Бишкек ЖЭБиндеги аварияга байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия 2-апрелде да жыйын өткөрүп, ага экс-премьер-министрлер, мурунку жана азыркы өкмөт мүчөлөрү чакырылган. Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев жыйынга келген жок.

Анда ЖЭБди оңдош үчүн кытайлык TBEA компаниясы менен түзүлгөн келишимдин чоо-жайы, андагы талап-шарттарга байланыштуу суроолор берилди. Баасы 600 долларлык аттиш, 300 долларлык видеокөзөмөл камералар боюнча талаш-тартыш болду.

26-январда Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес.

Бул кырдаал жарым жыл мурун модернизацияланган жылуулук электр борборуна карата сын-пикирлерди күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан.

Авария боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 316-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Февралда түзүлгөн депутаттык комиссия авариянын чоо-жайы менен катар модернизацияга кеткен Кытай насыясын да иликтеп жатат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG