Линктер

бейшемби, 21-июнь, 2018 Бишкек убактысы 01:19

БУУ: Йемендиктерге жардам үчүн үч миллиард доллар керек


Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш Женевадагы жыйында. 3-апрель, 2018-жыл.

Улуттар Уюму эл аралык коомчулуктан Йемендеги гуманитардык жардамга муктаж тургундарга 2,96 миллиард доллар сурады.

"Йеменде дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризис болуп жатат"- деди уюмдун баш катчысы Антониу Гуттереш 3-апрелде Женевада өткөн донор мамлекеттердин конференциясында. Ал төрт жылдан бери согуш токтобой жаткан мамлекеттеги кырдаалды "катастрофа" деп атады.

Ирандын колдоосуна ээ болгону айтылып жүргөн хусит согушкерлери Йемендин борбору Сана шаарын 2014-жылдан бери ээлеп турушат жана учурда өлкөнүн басымдуу бөлүгүн да көзөмөлдөшөт. Сауд Арабиясы баштаган коалиция эл аралык коомчулук тааныган өкмөттү колдоп, хусит козголоңчуларына каршы абадан сокку уруп келет. Тегеран өз дарегине айтылган дооматтарды четке кагууда.

Төрт жылдан бери уланып жаткан согушта он миңдей адамдын өмүрү кыйылып, 22 миллиондон ашуун киши гуманитардык жардамга муктаж болуп чыкты.

Сауд Арабиясы жана анын союздаштары былтыр Йемен менен абадагы, деңиздеги жана кургактагы чек араларынын баарын жаап салышкан. Бирок гуманитардык жардам жеткирүүгө чектөө киргизилбейт.

XS
SM
MD
LG