Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:27

АКШ Пакистандын "Милли мусулман лигасын" террорчул уюм деп тапты


"Милли Мусулман лигасынын" мүчөлөрү Исламабадда басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. 7-август, 2017-жыл.
"Милли Мусулман лигасынын" мүчөлөрү Исламабадда басма сөз жыйынын өткөрүп жатышат. 7-август, 2017-жыл.

Кошмо Штаттар Пакистандын "Милли Мусулман лигасы" саясий партиясын чет элдик террорчул уюмдардын тизмесине киргизди. Буга кыймылдын 2008-жылы Мумбайда чабуул уюштурган экстремисттик уюм менен болжолдуу байланыштары түрткү болду.

Мамлекеттик департамент 2-апрелде тараткан билдирүүсүндө "Милли Мусулман лигасы" буга чейин эле АКШнын террорчул уюмдарынан тизмесине кирген "Лашкар-е-Тайба" тобуна таяныч болуп келгени жазылган.

"Лашкар-е-Тайба тобу" менен байланышы болушу мүмкүн деп эсептелген дагы бир топ -"Техрик-э-Азади-э-Кашмир" да ушул тизмеге киргизилди.

Вашингтон былтыр "Милли Мусулман лигасын" түзгөн Саид атуу жаран тууралуу маалымат үчүн 10 миллион долларлык сыйлык жарыялаган.

Пакистандын Борбордук шайлоо комиссиясы бул лиганы каттоодон баш тарткан. Анткен менен анын мүчөлөрү парламенттик шайлоого көз каранды эмес талапкерлер катары катышып келишет.

Бул окуя Исламбад менен Вашингтондун алакасы начарлап кеткен маалга туш келди. Буга "Пакистан коңшусу Ооганстандын аймагында чабуулдарды уюштуруп келген экстремисттик топторго башкалка берип жатат" деген АКШнын айыптоолору себеп болгон. Пакистан бул дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG