Линктер

шейшемби, 25-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 03:24

Францияда темир жолчулар иш ташташты


Бош темир жолдор. 3-апрель, 2018-жыл. Франция.

Францияда темир жолчулар шейшембиде иш ташташты. Алар темир жол компаниясын реформалоого каршы чыгып жатышат.

Акция июндун соңуна чейин уланып, жумасына эки күн иш таштоо болуп турары маалымдалды. Дүйшөмбүдө темир жолчулардын жарымы жумушка чыккан эмес. Ал эми 3-апрелде тез жүрчү поезддердин 12 пайызы гана жүргүнчү ташып жатат. Жергиликтүү бийлик жеке менчик машинелердин айдоочуларын башка жүргүнчүлөрдү жолдон ала кетүүгө чакырууда.

Президент Эмануэл Макрон сунуш кылган реформага ылайык, тармактагы атаандаштык күчөтүлмөкчү. Андан тышкары темир жолчуларга каралган жеңилдиктер жана өзгөчө макамы жоюлат. Кесиптик кошуундар мындай өзгөрүүлөрдөн кийин Улуттук компания менчикке өтүп кетет деп чочулашат.

Бүгүн бул өлкөдөгү "Air France" авикомпаниясынын кызматкерлери да иш таштап жатышат.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG