Линктер

шаршемби, 15-август, 2018 Бишкек убактысы 17:49

Кыргыз-кытай чек арасы үч күнгө жабылат


"Торугарт" өткөрмө пункту.

Кыргыз-Кытай чек арасында жайгашкан "Торугарт-автожол" жана "Эркечтам-автожол" өткөрмө пункттары 5-апрелден 8-апрелге чейин жабылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, мындай тартип коңшулардын мамлекеттик майрамына байланыштуу Кытай тараптын сунушу менен киргизилген.

Торугарт жана Эркечтам жолдорундагы кыймыл 9-апрелден тарта жандана баштайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG