Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы 3-апрелде болгон чатак тууралуу маалымат берип, чыр басылганын, абал турукташып калганын кабарлады.
Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону айтылат.
Тыюу салынганына карабай мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасына үчдөбөлүк тургун тосмо курууга аракет кылган. Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Хожа-Аъло айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.
Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып аягы таш ыргытууга чейин жеткен.
Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. Учурда Кыргызстандын Баткен районунун жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери жергиликтүү тургундар менен жолугуп жатат.
Окуя болгон жерде Чек ара кызматынын жана Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин кызматкерлери көзөмөл жүргүзүп жатат. Кыргызстандын чек ара кызматы мындан сырткары Баткендеги бардык чек ара бөлүктөрү күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөнүн да кабарлады.
Мындан мурдараак Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Үч-Дөбө кыштагынын тургундары, Тажикстан менен чектеш аймакта кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жер талаштан улам чатак чыкканын кабарлашкан.
"Фейсбуктун" колдонуучусу Каныбек Алиев аз убакыт мурдараак социалдык тармактарга "окуя болгон Үч-Дөбө айылында тартылды" делген видеону жайгаштырган. Анда бир топ адамдар кыйкырык-сүрөөн менен таш ыргытышып жатканы көрүнүп турат. (ErN)