Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:45

Баткен: Чек арадагы жаңжалда кыргызстандык жаран жаракат алды


Баткен, Үч-Дөбө айылы. 3-апрель, 2018-жыл. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.
Баткен, Үч-Дөбө айылы. 3-апрель, 2018-жыл. Окуя болгон жерден тартылган сүрөт.

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда Кыргызстандын бир жараны жеңил жараат алып, ооруканада жатат. Анын абалы туруктуу. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облустук өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдирди. Маалыматка караганда, кыргыз тараптан бир үйдүн чатырына анча чоң эмес зыян келтирилген.

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчиси телефон аркылуу сүйлөшүп, кырдаалды талкуулады. Эки тараптан тең күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү окуя болгон жерде тартипке көз салууда.

Буга чейин Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы 3-апрелде болгон чатак басылганын, абал турукташып калганын кабарлаган.

Мекеменин маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, чатактын тутанышына Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине тургузулган дубал себеп болгону айтылат.

Тыюу салынганына карабай мамлекеттик чек аранын такталбаган участкасына үчдөбөлүк тургун тосмо курууга аракет кылган. Анын тыюуну эске албай жасаган аракети Тажикстандын Исфара районуна караштуу Кожалы айылынын тургундарынын нааразылыгын жараткан.

Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, кыйкырышып, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен.

Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынганы кабарланды. (JsA/NT)

XS
SM
MD
LG