Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Бишкекте апрель окуясынын сегиз жылдыгы эскерилет


Апрель окуясына арналган монумент. Бишкек. Ала-Тоо аянты.
Апрель окуясына арналган монумент. Бишкек. Ала-Тоо аянты.

Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда 4-апрелде боло турган иш-чара “Баатырларды эскерүү” деп аталат.

Аны уюштуруп жаткан “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмеси билдиргендей, кечеде театралдаштырылган спектакль коюлат. Андан кийин апрель окуясында курман болгондор эскерилет, сегиз жыл мурдагы бийлик алмашууга алып келген ыңкылаптын сабактары тууралуу сөз болот.

Ага премьер-министр баштаган бийлик өкүлдөрү да чакырылган.

«Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуяларда жабыркаган жарандардан түзүлгөн. Учурда ага 500дөй киши мүчө.

Сегиз жыл мурун 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель "мамлекеттик майрам жана дем алыш" деп жарыяланган. (NT)

XS
SM
MD
LG