Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

Коомдук тамактануу жайларынын тазалыгы текшериле баштады 


Палоо.
Палоо.

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдиргендей, 1-апрелден тартып өкмөттүн коомдук тамактануу жайларына атайын стикерлерди берүү тууралуу токтому күчүнө кирди.

Ага ылайык, кафе-ресторан, чайкана, ашкана жана тез тамактануучу жайлардын талапка жооп бергенине жашыл, орто болсо кызыл, "талапка жооп бербейт" деп табылгандарына сары түстөгү белги тапшырылат.

Стикерлер имараттардын кире беришине чапталат. Расмий маалымат боюнча Бишкекте 1000ге жакын коомдук тамактануучу жай каттоодон өткөн.

31-мартта “Ала-Тоо” ресторанындагы үйлөнүү тоюнун катышуучуларынын жапырт ууланышы коомдук тамактануу коопсуздугун күн тартибине чыгарды. Азыр уулануу белгилери менен бейтапканага кайрылган 180ден ашуун кишинин жүздөн ашыгы ооруканада дарыланууда. Алардын абалы оңолуп калды. Ууланууга байланыштуу ресторан убактылуу жабылды. (NT/KE)

XS
SM
MD
LG