Линктер

жекшемби, 22-апрель, 2018 Бишкек убактысы 12:30

Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыркаган эки киши ооруканада


Жаңжал чыккан аймактан тартылган сүрөт. 3-апрель, 2018-жыл. Баткен.

Баткенде 3-апрелде чатак чыккан кыргыз-тажик ара аймагында жергиликтүү бийлик түшүндүрүү иштерин бүгүн да улантат. Абал туруктуу экенин өкмөттүн обустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Бүгүн Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими жолугушат. Чатактан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген, анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган. Жаңжалда автоунаа жана үйлөргө да зыян келтирилгени айтылды. Бирок алардын саны тууралуу так маалымат бериле элек. Буга чейин жергиликтүү ​бийлик окуяда жараат алган бир кыргызстандык жаран ооруканада экенин билдирген. Мындан тышкары тажик тараптан бир чек арачы жабыркаганы айтылган.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтары билдиргендей, учурда жабыркаган адамдардын абалы туруктуу.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, андан жаңжал тутанганы расмий кабарланган. Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG