Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:17

Бишкекте маршруттук такси каттамы жанданды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

4-апрель күнү борбор шаардагы маршруттук унаалардын баары каттамдарга кайтышты.

“Лига авто” жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Бешболуш Матисаковдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, айдоочулар милдеттүү түрдө камсыздандыруу кагазын текшерүүнү бир айга чейин токтото турууну, жүргүнчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү Бишкек мэриясынын өтүнүшкөн:

- Милдеттүү камсыздандырууну толук алганга бир ай сурашты, көпчүлүгү мурда эле алган, ала электер да бар экен. Ал эми маршруттук унаалардын эрежеси боюнча айдоочу жүргүнчүлөрдү аялдамадан отургузуп, алардын каалоосу боюнча түшүрүүгө тийиш. Бул эрежени көбүнчө жүргүнчүлөр өздөрү бузат. Каалаган жерден отургусу келет, каалаган жерден түшкүсү келет. Мэрия биздин бул өтүнүчтөрдү түшүнүү менен кабыл алып жатат, ага ыраазыбыз.

Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары милдеттүү камсыздандырууну жокко чыгаруу, айыппулду азайтуу жана тарифти көтөрүү талабы менен 2-апрелде иш ташташкан. Баш калаада бирин-экин гана маршруттук таксилер жүрүп, автобус-троллейбустар гана иштегендиктен, аларга эл батпай, аялдамаларда коомдук транспорт күткөн жүргүнчүлөр көбөйдү. Көчөлөрдө узакка созулган тыгындар пайда болду.

Мэрия айдоочулардын талабы аткарылбай турганын, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында иш таштоо токтотуларын билдирген. Өкмөт башчы Сапар Исаков айдоочуларды иш таштоого мажбурлаган нерсе тармактагы коррупция экенин белгилеп, аны тыюуну Транспорт жана жол министрлигинен, Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан талап кылган. Өкмөт башчы коррупция тууралуу маалыматтарды иликтөөнү УКМКга, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш кызматына тапшырган.

XS
SM
MD
LG