Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:53

Чүйдө милиция кызматкери пара алуу боюнча шектүү катары кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы Р.Н. пара алуу боюнча шектүү катары кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда айтылгандай, 31-мартта ИИМдин өздүк тергөө кызматына К.Г. аттуу жаран Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн кызматкерлерине каршы арыз менен кайрылган. Даттануучу анын иш ордуна сөз болуп жаткан милиция кызматкерлери баңгизат таштап коюп, опузалоо жолу менен 35 миң сомун тартып алганын билдирген. Маселени оң жагына чечиш үчүн алар дагы 15 миң сом талап кылып жатканын да айткан.

Натыйжада, 3-апрель күнү кечки 19:00дө ИИМдин өздүк тергөө кызматынын кызматкерлери алдын-ала белгиленген акчаны даттануучудан алып жаткан жеринен Жаңы-Жер айылдык милиция бөлүмүнүн башчысын колго түшүрүшкөн. Милиция кызматкеринин жанынан “Тойота-Аурион” үлгүсүндөгү автоунаасынан 15 миң сом өлчөмүндөгү акча табылган.

Милициянын майору Р.Н. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 313 ("Пара алуу") беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө уланууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG