Линктер

бейшемби, 20-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 06:39

Бишкекте Апрель баатырлары эскерилди


Апрель окуяларына арналган эстелик.

Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өтүп жаткан эскерүүгө Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков, премьер-министр Сапар Исаков, президенттин аппарат жетекчиси Мухаммедкалый Абылгазиев жана бир катар парламент депутаттары катышты.

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков сөз сүйлөп жатып, "апрелчи" баатырларга атайын макам берүү маселесин көтөрдү:

- 7-апрелди майрам кылып бердик, бирок макамын кайтарып берген жокпуз. Апрель окуясынын баркы болбой, бүгүнкү бийликтин наркы болбойт. Эмне үчүн Баткенде куралчандар менен атышкандардын макамы бар да, Бакиевдин куралчан бандиттери менен атышкандардын макамы жок?

“Баатырларды эскерүү” деп аталган иш-чарада театралдаштырылган спектакль коюлуп, сегиз жыл мурдагы бийлик алмашууга алып келген ыңкылаптын сабактары тууралуу сөздөр айтылды.

Иш-чараны «Айкөл Ала-Тоо» коомдук бирикмеси уюштурууда. Бирикме 2010-жылдын 7-апрелинде болгон окуяларда жабыркаган жарандардан түзүлгөн. Учурда ага 500дөй киши мүчө.

Сегиз жыл мурун 7-апрелде эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан. Куралсыз элге ок атылып, 80ден ашык киши окко учкан. Жүздөн ашуун адам жарадар болгон. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Кыргызстанда 7-апрель "мамлекеттик майрам жана дем алыш" деп жарыяланган. (KR/ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG