Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Жээнчороев: Фракция лидери күтүүсүз алмаштырылды


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

Парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын лидерин алмаштыруу күтүүсүз болгонун фракция мүчөсү Мирлан Жээнчороев "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзү боюнча Руслан Казакбаев лидерликтен алынганын өзү да мурдатан билген эмес:

- Фракциянын жетекчилиги "биримдикти сактоого аракет кылабыз" деп жатат. Бирок Руслан Казакбаев арыз да жазган эмес, үстүнөн кол топтолуп, алынган. Документтерди карап көрсөңүз, ал жерде "алынсын" деп турат, ротация деген маселе болгон эмес. Мен добуш берген жокмун. Анткени мыйзам боюнча кызматка коюуда да, алууда да негиз такталып, адамга ачык-айкын айтылышы керек.

Жээнчороевдин маалыматы боюнча, фракциянын мурдагы лидери Руслан Казакбаев бул тууралуу кол топтолуп бүткөндөн кийин билген.

Жогорку Кеңештеги оппозициячыл “Республика - Ата Журт” фракциясы 3-апрелде лидерин алмаштырып, Жыргалбек Турускулов шайланган. Фракция мүчөсү, депутат Таабалды Тиллаев “Азаттыкка” фракция лидерин алмаштырууга олуттуу саясий себеп болбогонун, депутаттар арасында ротация жүргүзүү максатында гана ушундай чечим кабыл алынганын билдирген:

- Күтүүсүз алмашкан жок. Фракциянын кезексиз отуруму чакырылып, ал жерде лидер алмаштыруу боюнча маселе каралды. Жыйырма бир депутат болгон, бардыгы бир добуштан Турускуловду колдоп беришти. Турускулов жалгыз талапкер болчу.

Руслан Казакбаев “Республика - Ата Журт” фракциясынын лидерлигине өткөн жылдын аягында шайланган. Ал президенттик шайлоодо экинчи келип, кийин кылмыш иши козголгон соң чет өлкөгө чыгып кеткен Өмүрбек Бабановдун ордун ээлеген эле. (EBM/ZKo)

XS
SM
MD
LG