Линктер

жекшемби, 19-август, 2018 Бишкек убактысы 18:20

Апрель окуясында уурдалган куралдардын 514ү табыла элек


Апрель окуясында жоголуп, табылган куралдар.

2010-жылы апрель окуясында уурдалган 865 курал-жарактын 351 даанасы кайтарылып алынган, 514ү табыла элек. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын өкүлү Тилек Шаршеналиев “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтымында, калган куралдарды да алуу боюнча аракеттер уланып жатат. Муну үчүн ИИМдин аймкактардагы бөлүмдөрү “Арсенал” операцияларын үзгүлтүксүз өткөрүп турушат.

Маалым болгондой, 2010-жылкы апрель окуяларынын тушунда Бишкек шаарындагы, Талас, Нарын жана Ош облустарындагы ички иштер бөлүмдөрүндө куралдар тонолуп, уурдалып кеткен.

2011-жылы ошо кездеги президент Роза Отунбаева УКМК жана башка органдарды кошуп санаганда күч кызматтарынан апрель окуялары учурунда 1177 даана курал уурдалганын расмий кабарлаган. Эксперттер 2010-жылкы апрель-июнь окуяларында бери дегенде эле 5 миңден 10 миңге чейин ар кандай курал, ок-дары элдин колуна өтүп кеткенин айтып жүрүшөт.

Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин эскертет. Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандарга эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Бирок курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. (ErN)

XS
SM
MD
LG