Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:05

Эрдоган, Путин, Роухани Анкарада жолугушат


Түрк президенти Эрдоган Орусиянын лидери Путинди Анкарада тосуп алууда. 3-апрель, 2018-жыл.
Түрк президенти Эрдоган Орусиянын лидери Путинди Анкарада тосуп алууда. 3-апрель, 2018-жыл.

Ирандын, Түркиянын жана Орусиянын президенттери Анкарада Сириянын келечегин жана согуштан эбегейсиз жабыр тарткан бул өлкөдөгү өз таасирин сактоону талкуулашат.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Орусиянын лидери Владимир Путин жана Ирандын президенти Хасан Роухани менен соңку алты айда экинчи ирет өтүп жаткан үч тараптуу саммитте жолугат.

Үч өлкө тең жети жылга аяк баскан согушта “де-эскалация зоналарын” түзүүнүн үстүндө кызматташты. Орусия жана Иран президент Башар ал-Асадды, ал эми Түркия козголоңчуларды колдойт.

Алар Сириядагы жаңжалды жөнгө салуунун жолдорун Женевада уюштурулган тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катар эле Астана саммитинде да талкуулашкан.

Орусия жана Иран миңдеген адамдардын канына забын болгон Асаддын өкмөтүнө согуш тутангандан тартып жардам берип келди.

Орусия менен Түркиянын мамилеси 2015-жылдын ноябрында түрктөр сириялык аскер учагын атып түшүргөн соң кескин начарлап, Москва аба соккуларын ыкчамдатканда согуш күчөгөн.

Бирок бул эки өлкөгө Батыштын кысымы күчөгөндө Путин менен Эрдоган мамилесин оңдоого киришкен.

Эрдоган, Путин жана Роухани былтыр ноябрда Сочи саммитинде кездешкен.

XS
SM
MD
LG