Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:33

Путин: “Новичок” сыяктуу затты 20 өлкөдө жасаса болот


Орусиянын президенти Путин Анкарада. 3-апрель, 2018-жыл.
Орусиянын президенти Путин Анкарада. 3-апрель, 2018-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин шаршембиде өтчү Химиялык куралга тыюу салган эл аралык уюмдун аткаруу комитетинин сессиясында Британияда ууландырылган мурдагы орус тыңчысынын жана анын кызынын ишине чекит коюлат деп ишенет. Бул иште Лондон Москваны айыптап жатат.

Путин Анкарадагы маалымат жыйынында “Скрипалдын ишине" байланыштуу суроого жооп берди. Анын айтымында, “бул окуя тууралуу массалык маалымат каражаттарынан" билген жана “Новичок” сыяктуу зат “дүйнөнүн 20дай өлкөсүндө” алынышы мүмкүн.

Путин ошондой эле Британиянын Портон-Даундагы лабораториясынын директору уулуу зат кайдан алынганын тактай электе эле «Орусияга каршы өнөктүк ушундай тездик менен башталганына таң калып турам» деп айтканын жүйө келтирди.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков «Скрипалдын иши боюнча Орусияны айыптоого каршы өтө ынанымдуу жүйөлөр айтылып жатканын» билдирди. Шейшембиде башка да орусиялык өкүлдөр британ бийлигин “жалган маалымат таратты” деп айыпташты.

Портон-Даундагы лабораториянын директору Гэри Эйткенхэд "Sky News" каналына берген интервьюда эксперттер Скрипалдар ууландырылган заттын кайдан келгенин аныктабаганын, аларга андай тапшырма берилбегенин айткан. Ал ошондой эле “Новичок” нервди шал кыла турган зат экенин баса белгилген. Анын айтканына караганда, мындай зат “өтө татаал жол менен алынат” жана ал мамлекеттин гана колунан келиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG