Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев менен бул комитетке караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси Сагынбек Исмаиловду кабыл алган учурда ушундай талап койду. Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев да катышты.
Президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик органдарда, анын ичинде сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча катуу чара көрүүнү УКМК жетекчилигинен талап кылып, калк менен тыгыз иштешүүнү тапшырды.
- Кандайдыр коррупциялык кылмышка тиешеси бар ар бир чиновник мурдагы жетишкендиктерине жана эмгегине карабастан сөзсүз түрдө кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш, - деди ал.
Мамлекет башчы Коррупцияга каршы күрөш кызматы жемкорлуктун себебин жана шарттарын аныктоо аркылуу коррупциянын тамырын кыркуу боюнча системдүү иш жүргүзүүгө тийиш экенин белгиледи.
Абдил Сегизбаев менен Сагынбек Исмаилов президентке Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы чечимдеринин аткарылышы боюнча жана мамлекеттик органдарда коррупцияга каршы күрөштүн жыйынтыктары жөнүндө маалымат беришти. Тактап айтканда, алар Бишкек ЖЭБин модернизациялоого, кошумча нарк салыгы боюнча коррупциялык иштерге байланыштуу козголгон кылмыш иштерин иликтөөнүн жүрүшү жөнүндө айтып беришти.
Президент Сооронбай Жээнбеков жылдын биринчи кварталы боюнча Коррупцияга каршы күрөш кызматында жакшы жылыш байкалганын айтып, ошол эле учурда жемкорлукту тыйыш үчүн дагы көп аракеттенүү зарыл экенин баса белгиледи.
Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады. (ZKo)