Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:18

Баткенде чыр чыккан чектеш райондордун жетекчилери жолугушту


3-апрелде Баткендин Үч-Дөбө айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташкан.
3-апрелде Баткендин Үч-Дөбө айылында кыргыз-тажик жарандары чатакташкан.

Баткен районунун акими менен Тажикстандын Исфара районунун акими 4-апрелде жолугушуп, кырдаалды талкуулады. Жолугушуу 3-апрелде чыр чыккан Үч-Дөбө айылында болду. Жолугушуунун натыйжасы тууралуу азырынча расмий кабарланган жок. Айрым маалыматтар боюнча, тараптар бир пикирге келе алышкан эмес, Исфара районунун акими 20-апрелде кайра жолугушууну сунуш кылган.

3-апрелде Баткен районунун Үч-Дөбө айылындагы чек ара тилкесине Кыргызстандын жараны дубал тургузуп, андан жаңжал тутанганы расмий кабарланган. Натыйжада эки тараптан элүүдөй киши чогулуп, анын арты таш ыргытууга чейин жеткен. Чатак окуя болгондон жарым сааттан кийин жөнгө салынган.

Чатактан келтирилген чыгымды атайын түзүлгөн комиссия эсептеп жатат. Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, 3-апрелдеги окуяда кыргыз тараптан 17 кишиге таш тийген, анын үчөө ооруканага кайрылып, экөө жаткырылган. Жаңжалда бир автоунаа жана бир үйдүн чатыры талкаланган. Мындан тышкары тажик тараптан бир чек арачы жабыркаганы айтылган.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтары билдиргендей, чатак чыккан кыргыз-тажик ара аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Жергиликтүү бийлик абал туруктуу экенин билдирди.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында жайгашкан Үч-Дөбө айылында чек ара такталган эмес. Шарттуу чек ара сызыгы болгону менен жергиликтүү тажиктер аны тааныгысы келбегендиктен, аймакта чыр-чатак көп катталат. (JsA)

XS
SM
MD
LG