Линктер

бейшемби, 19-апрель, 2018 Бишкек убактысы 15:31

Москванын чыгышындагы соода борборунда чыккан өрттөн бир киши каза болуп, бир нече адам жабыркаганын орус маалымат каражаттары кабарлайт.

Өрт өчүрүүчүлөр төрт кабат дүкөндөн 115 кишини тышка чыгарды. Орус маалымат каражаттары 300дөн ашуун киши аман-эсен чыгарылганын жазышты. Жалын кампада тутанган.

25-мартта Кемерово шаарындагы "Зимняя вишня" соода борборунда чыккан өрт расмий маалымат боюнча 64 адамдын, анын ичинде 41 өспүрүмдүн өмүрүн алып кетти. Тергөө комитети кырсыкка байланыштуу соода борборунун жетекчилерин жана тиешелүү кызматкерлерди камакка алды.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG