Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:26

Аскаровдун жубайы президентке кайрылды


Хадича Аскарова күйөөсү Азимжан Аскаров тарткан сүрөттөрдүн жанында турат. Атайын көргөзмө өтүп жаткан учур.
Хадича Аскарова күйөөсү Азимжан Аскаров тарткан сүрөттөрдүн жанында турат. Атайын көргөзмө өтүп жаткан учур.

2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүн аягына чейин камалган Азимжан Аскаровдун байбичеси Хадича Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылды.

Почта аркылуу жөнөткөн катында Аскарова күйөөсү күнөөсүз камалып олтурганын билдирген. Ал Аскаров жана аны менен кошо соттолгон жети кишинин ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган.

Хадича Аскарова июнь окуясындагы башаламандыктар учурунда Ош облусун жетектеген киши катары Сооронбай Жээнбеков бул окуяны жакшы түшүнөрүн, калаба боюнча күнөөсүз адамдар жазага тартылып кеткенин билеринен үмүтү бар экенин айткан. Хадича Аскарова ошондой эле мүмкүн болсо жолдошу Азимжан Аскаровго мунапыс беришин мамлекет башчыдан өтүнгөн.

Укук коргоочу Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. 2012-жылы анын мүлкү сот тарабынан камакка алынган. Турак жайы энесинен калган мурас экени айтылып, 2017-жылдын 5-сентябрында Базар-Коргон райондук соту "үйдү конфискацияласа болбойт" деп чечкен. Эл аралык коомчулук Азимжан Аскаров куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт. (ErN)

XS
SM
MD
LG