Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:12

Түркиянын университеттеринде кыргыз маданиятынын күндөрү өттү


4-апрелде Кайсери шаарындагы Эржиес жана Эскишехир шаарындагы Анадолу университеттеринде кыргызстандык студенттер уюштурган маданий иш-чаралар өттү.

Аталган окуу жайларда билим алган кыргыз студенттер башка чет өлкөлүк жана жергиликтүү студенттерге концерттик программа уюштуруп, кыргыз улуттук тамактарын жасап таратышты.

Быйылкы иш-чара мурунку жылдардан айырмаланып Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун чагылдырган театралдаштырылган оюн менен коштолду.

Түркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик жогорку окуу жайлар. Бул университеттерде 203 өлкөдөн 115 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын эки миңге жакыны кыргызстандык студенттер. (ElB)

XS
SM
MD
LG