Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:01

"Центерра" компаниясы Кумтөрдө ишин улантууну көздөйт


"Кумтөр" кени.
"Кумтөр" кени.

Премьер-министр Сапар Исаков 4-апрелде Кумтөр алтын кенин иштеткен канадалык «Центерра Голд Инк» компаниясынын аткаруучу директору Скот Перри менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда тараптар өз ара кызматташтыкты тереңдетүү кызыкчылыгын билдиришип, компанияны өнүктүрүүнүн болочогун талкуулашты.

Исаков Кыргызстан менен «Центерра Голд Инк» 2017-жылдын 11-сентябрында кол коюлган стратегиялык келишимди акырындап аткарып жатканын белгиледи.

Ал эми Скот Перринин айтымында, «Кумтөр Голд Компани» аталган кендин айланасындагы экологиялык кырдаалды жакшыртуу багытында эл аралык көз карандысыз эксперт катары кыргыз өкмөтү тарабынан тартылган AMEC компаниясынын бардык сунуштарын аткаруу боюнча иш жүргүздү. Сүйлөшүүдө кенди иштетүү мөөнөтүн узартуу маселеси көтөрүлдү.

Скот Перри беш миңге жакын кыргызстандыкты жумуш менен камсыз кылган жана эң ири салык төлөөчү болгон кендин ишин улантуу үчүн геологиялык чалгындоого 25 миллион долларлык кошумча инвестиция салууну көздөй турганын белгиледи.

Былтыр өкмөт Скотт Перри Кумтөрдүн 100 пайызын алууну сунуштаганын билдирген. Мындай учурда Кыргызстан «Центерра Голддун» курамынын чыгып кетиши керек болоору айтылган.​

Былтыр түзүлгөн келишимге ылайык, жыл сайын төлөнүүчү экологиялык төлөм 310 миң доллардан 3 миллион долларга көбөйгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG