Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:34

Өзбекстандан Римге учак каттайт


"Өзбекстан аба жолдорунун" учактары.
"Өзбекстан аба жолдорунун" учактары.

"Өзбекстан аба жолдору" авиакомпаниясы 10-апрелден тартып Үргөнч-Рим багытында учак каттамын жүргүзө баштайт. Италиянын баш калаасындагы Леонардо да Винчи атындагы эл аралык аэропортто өзбек авиакомпаниясынын өкүлчүлүгү ачылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы расмий булактарга таянып билдирди.

2010-жылы да Римден Үргөнчкө учак каттап, кийин токтогон эле. Бул шаар Хорезм облусунда.

Өзбекстандан Европанын онго жакын шаарына, АКШга, Түркияга жана КМШ мамлекеттерине түз аба каттамдары бар.

XS
SM
MD
LG