Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:06

Украина 23 орусиялыкты саясий туткундарга алмашууну сунуш кылды


Ирина Геращенко.
Ирина Геращенко.

Расмий Киев Орусияда саясий негиз менен соттолгондорду Украинада "өлкөнүн аймактык бүтүндүгүнө каршы каршы кылмыш кылган" деген айып менен абакта отурган орусиялыктарга айырбаштоого даяр.

Бул тууралуу "112 Украина" каналына Жогорку Раданын биринчи вице-спикери Ирина Геращенко билдирди. Буга чейин ал "Фейсбуктагы" баракчасына Киев Украинадагы саясий туткундарды Орусиянын 20 жаранына алмаштырууга даяр экенин жазган.

Украина муну менен Орусияда кармалган режиссер Олег Сенцовду жана крымдык активист Александр Кольченкону бошотуп алууга умтулууда.

Сенцовду 25-августта Орусиянын Түндүк-Кавказ боюнча аймактык аскер соту 20 жылга эркинен ажыраткан. Ага "террорчул жамаат түзүп, Крымда теракт уюштурууну көздөгөн" деген айып коюлган. Сенцов айыптардын баарын четке кагып келет. Кольченко да ушундай эле айып менен 10 жылга эркинен ажыратылган.

Бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Сенцов жана Кольченкону "саясий туткун" деп тааныган.

XS
SM
MD
LG