Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:21

Депутат Транспорт инспекциясын жоюуну талап кылды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

"Транспорт жана жол министрлигине караштуу Транспорттук инспекция өзүн актабай жатканы үчүн, бул кызматты жоюш керек" деген пикирин депутат Дастан Бекешев 5-апрелде пленардык жыйында билдирди.

Ал 2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочуларынын иш таштоосуна да түрдүү мыйзамсыз акча чогултуу себеп болгонун айтып, буга өкмөт башчы Сапар Исаковдун сөздөрүн мисал келтирди.

2-апрелде Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары иш таштап, бир катар талаптарды коюшту. Алар өкмөттүн милдеттүү камсыздандыруудан өтүү тууралуу токтомуна, бирдиктүү форма боюнча коюлган талапка нааразылык билдиришти. Айдоочулар жүргүнчүлөрдү аялдамадан тышкары токтоп салуу жана түшүрүү үчүн айыппулдун көбөйүшүнө да каршы экенин айтышкан.

Ошол эле күнү өкмөт башчы Сапар Исаков тиешелүү жетекчилердин катышуусунда жыйын куруп, жүргүнчү ташуудагы коррупцияны тыюуну талап кылган.

Премьер-министр буга байланыштуу Транспорт инспекциясы менен Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгын айыптап, маршруттук такси айдоочулар буларга ай сайын мыйзамсыз акча төлөп тургандыгы тууралуу маалыматтары бар экенин билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG