Линктер

жума, 19-октябрь, 2018 Бишкек убактысы 13:36

Маршруткага күнү түшкөн калаа


Бишкек, 2-апрель, 2018-жыл

Бишкектеги кичиавтобустардын айдоочуларынын иш таштоосу коомдук автоунаада көйгөй көп экенин көргөздү.

Иш таштагандардын талаптары канчалык жөндүү? Алар камсыздандыруу мыйзамынан эмне үчүн баш тартып жатышат? Жол кирени көтөрүү маселени чечеби? Борбордун коомдук транспорт тармагын канткенде жакшырта алабыз? “Арай көз чарай” берүүбүздө ушул суроолорго жооп издейбиз.

Талкууга Бишкек транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов, шаардык транспорт башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Аргынбек Малабаев жана “Жол коопсуздугу” коомдук бирикмесинин координатору Нуркамал Максүтова катышты.

“Азаттык”: Нурлан мырза, кичиавтобус айдоочуларынын иш таштоосу канчалык күтүлгөн нерсе эле? Мурда-кийин алардын талабы мэрияга коюлду беле?

Нурлан Атыканов. Сүрөт dem.kg сайтынан алынды.
Нурлан Атыканов. Сүрөт dem.kg сайтынан алынды.

Нурлан Атыканов: Жакшылып байкаган адамга айдоочулардын талаптарынын негиздемеси жок, кызыктай көрүнүш болуп калды.

Бири “мага экинчи линиядан бурулганга уруксат бер” деп айтты. Жолдо жүрүүнүн эрежеси баары үчүн бирдей, бул мыйзам. Шаардагы коопсуз болгон көчө кесилиштеринде андай уруксат берилген. Ал эми кооптуу деп эсептелген, уруксат берүүгө мүмкүн болбогон жерден "бурулуп кетем" дегенди кандай түшүнсөк болот?

​Айдоочулардын дагы бир түшүнбөстүгү - бул камсыздандыруу полиси. Ал биринчи кезекте айдоочулардын өзүнө керек нерсе.

Түшүнгөн айдоочулар полисти алышкан. Түшүнгүсү келбегендер “дагы эле акча чогултмай уланууда” деп жатышат. “Биз акчаны берип коюп отуруп калабыз, көзөмөлдөй албайбыз” деп көпчүлүктү адаштырып жаткандар бар.

Камсыздандыруу полиси боюнча өкмөттүн токтому чыкканына үч ай болду. Компаниялар айдоочулар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келген. Мына бүгүнкү маалымат боюнча айдоочулардын 80 пайызы полис алды.

Мэриядагылар айдоочулардын суроо-талаптарын аткарып келатабыз, аялдамаларды, светофорлорду орнотуу, жол белгилерин коюу маселелерин чечип жатабыз. Көп жолдор оңдолууда, көп маселелер комплекстүү чечилиши керек.

“Азаттык”: Аргынбек мырза, айдоочулардын бийликке койгон талаптары канчалык жүйөлүү же мыйзамдуу деп ойлойсуз?

Аргынбек Малабаев.
Аргынбек Малабаев.

Аргынбек Малабаев: Мурдатан эле Бишкек шаарында коомдук транспорттун маселеси жолго коюлган эмес. Мен шаардык транспортту 2008-2010-жылдары жетектедим. Эң башкысы - абал айдоочулардын жүргүнчүлөр алдындагы жоопкерчилиги жок болуп жатканын көрсөттү.

Азыр айтылган талаптар мурда эле жаңырышы керек болчу. Таксиби, маршруттук кичиавтобуспу, шаардыктардын алдында бирдей жоопкер. Учурда канчалаган жол кырсыктары болуп жатат? Эч ким жооп бербей жатпайбы!

Шаардык бийлик болсо шаардык кеңеш, жүргүнчүлөрдү тейлеген компаниялардын жетекчилери менен сүйлөшүп, маселени коллапска жеткирбей эле чечсе болмок. Айдоочулардын экинчи линиядан бурулууну автобус-троллейбуска теңеп коюу же аялдамалар маселелерин деле мурда эле чечиш керек болчу.

“Азаттык”: Нуркамал айым, сиздердин баамыңыздарда айдоочуларды нааразы кылган камсыздандыруу полисинин киргизилишиби же башка да түпкү себептери барбы?

Нуркамал Максүтова. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагынан алынды.
Нуркамал Максүтова. Сүрөт "Facebook" социалдык тармагынан алынды.

Нуркамал Максүтова: Бул мурдатан келаткан, топтолуп калган суроо, маселеге комплекстүү караш керек. Жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапаты боюнча көп нааразылык бар, ал өзүнчө чоң суроо.

Айдоочулардан мыйзамдан сырткары да төлөмдөр алынып жатканын премьер-министр өзү айтып отурат. Ушулардын баары айдоочулардын нааразылыгына түрткү болду. Камсыздандыруу полиси ошолордун баарына шынаа болуп берип отурат.

“Азаттык”: Нурлан мырза, шаардын коомдук транспортунда жол кирени көбөйтүү талабы да коюлуп жатпайбы. Ал канчалык реалдуу, болсо кандай жолдор менен ишке ашууга тийиш?

Нурлан Атыканов: Тариф 2012-жылдан бери карала элек. Жол кирени көбөйтүүгө келгенде эки тараптуу караш керек.

Биринчиси - ооба, айдоочулар да көп чыгым тартат, автоунаанын запастык бөлүктөрү, кызмат көрсөтүү, тейлөө да кымбат. Экинчи тарабы – бул эл. Жол кирени көбөйтсөк жүргүнчү көтөрө алабы? Аны да эсептеп чыгыш керек. Маселени өтө кылдат карап, экономикалык эсептерин так санап, оптималдуу бир вариантын табуу зарыл.

Айдоочулар айткандай кылып эле жол кирени көтөрө салуу туура эмес. Айдоочулардын компанияларына "жол кире боюнча так эсептелген сунуштарды, негиздемелерди бергиле" деп жатабыз, азырынча сунуш түшө элек. Маселе талкууланып, талданып чыккандан кийин шаардык кеңештин сессиясында каралып, ошол жерде чечилиши абзел.

(Талкуунун толук вариантын ушул жерден угунуз)

Иш таштоонун талабы жана тартиби
please wait

No media source currently available

0:00 0:25:30 0:00
Түз линк

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG