Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Февраль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:25

Кызыл-Кыяда психикалык оорулуу адамга айдоочулук күбөлүк берилгени аныкталды


Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү. Иллюстрациялык сүрөт.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаментинин Кызыл-Кыя шаардык башкармалыгынын кызматкерлери психикалык жактан оорулуу адамга мыйзамсыз айдоочулук күбөлүк берип жибергени аныкталды.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат кабарлады.

2016-жылы документ алган М.Н. аттуу жаран 2013-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык үй-бүлөлүк медициналык борборунун психикалык кабинетинде “кем акылдык” (приобретенное слабоумие) менен каттоодо турган. Ага карабай 2015-жылы нарколог-дарыгеринин тастыктамасы берилип, “Д” автомектебинин күбөлүгүнүн негизинде автотранспортту каттоо кызматкерлери айдоочулук күбөлүк берип коюшкан.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин ("Документтерди жасалмалоо") жана 315-беренесинин (“Кызматтык жасалмалоо”) негизинде кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.

Автотранспортту каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү департаменти Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. (ErN)

XS
SM
MD
LG