Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:09

Ысык-Көлдө "Йакын инкар" агымына кирген жубайлар эки жылга кесилди


"Йакын инкарчылар".
"Йакын инкарчылар".

Бул тууралуу "Азаттыкка" Ысык-Көл райондук прокуратурасы билдирди. Маалыматта Ысык-Көл райондук соту жашы жете элек кыздарын жалпы билим алуу укугунан ажыраткан жубайларга — 1971-жылы туулган А.Ж.га жана 1965-жылы туулган А.Б.га карата козголгон кылмыш ишин карап чыкты. Алар Кыргызстанда соттун чечими менен экстремисттик уюм катары таанылган «Йакын инкар» агымынын тарапташтары экени аныкталган.

Буга чейин райондук прокуратура Ысык-Көл райондук балдар иштери боюнча комиссиясына бул адамдарга жашы жете элек балдарын тарбиялоодо жана окутууда милдеттерин аткарбаганы үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу тууралуу эскертүү берүүнү тапшырган. Бирок андан оң жыйынтык чыккан эмес. Райондук прокуратура Ысык-Көл райондук сотуна жашы жете элек балдарын тарбиялоодо ата-энелик милдеттерин аткарууга, анын ичинде балдарына жалпы билим алууга шарт түзүүгө милдеттендирүү боюнча доо арыз киргизилген. Бирок сөз болуп жаткан үй-бүлө соттун чечимин аткарган эмес. Буга байланыштуу райондук прокуратура аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренесинин ("Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") негизинде кылмыш иши козгогон.

Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 2-апрелиндеги өкүмүнүн негизинде жубайлар — А.Ж. менен А.Б. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 161-беренеси ("Жашы жетпегенди тарбиялоо боюнча милдеттерди аткарбоо") жана 338-беренеси ("Соттун өкүмүн, соттун чечимин же башка соттук актыны аткарбай коюу") боюнча күнөөлүү деп табылып, эки жылга жатак абакка эркинен ажыратылды. А.Ж. сот залында камакка алынды. Ал эми А.Б.нын жаш баласы бар экени эске алынып, ал баласы 14 жашка чыкканга чейин жазанын мөөнөтү жылдырылды.

Прокуратуранын маалыматына караганда, А.Ж. менен А.Б. 5 жылдан ашык убакыттан бери элден өзүнчө жашап, кыздарына көчөгө чыгууга, башкалар менен баарлашууга, коммуникациялык технологияларды колдонууга, адабият окууга (алардын диний агымынын адабияттарын окууга гана уруксат беришкен) тыюу салганы аныкталды. Ошондой эле, алар медициналык мекемелерде текшерилбегени белгилүү болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG