Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Момбеков: Атамбаев резиденцияны иш бөлмөсү кылганы чын


Экс-президент Алмазбек Атамбаев.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев.

Парламенттеги КСДП фракциясынын депутаты Рыскелди Момбеков жана президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Эмилбек Каптагаев катышкан "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолор" көрсөтүүсүндө экс-президент Алмазбек Атамбаев резиденцияда өкмөт мүчөлөрүн, депутаттарды кабыл алып жатканы айтылды.

Эмилбек Каптагаев бийликтен кеткен кишинин мамлекеттик жайда олтуруп иштеп жатканын сынга алды:

- Бүгүнкү күндөгүдөй кош бийлик жакшылыкка алып барбайт. Экс-президент №3 резиденцияны килейген кеңсе кылып алганын азыр муну баарыбыз угуп, көрүп эле турабыз. Кайсы мыйзамдын негизинде, кандай шарт менен экс-президенте ошондой кеңсе берилет, а эмне үчүн Отунбаевага андай кеңсе берилбейт? №3 резиденция -Сталиндин, Хрущевдун тушунда курулган чоң имарат. Ошол жерде олтуруп алып, депутаттарды күн алыс ондон-ондон кабыл алып, өкмөт мүчөлөрү, өкмөт башчы ошол жерге күндө барып отчет берип атканын угуп атабыз. Мындай шарт узакка созулбашы керек. Муну токтотуш керек. Ошону үчүн “Алмазбек Шаршенович, сиз кеткен президентсиз, күндө өкмөттөн, министрлерден отчет албаңыз, "депутаттардын өпкөсүн үзөм" деп, кагып-силкпеңиз” деп айтыш керек. Ушул маселе токтомоюн, көйгөй көбүрүп-жабырып, ачып кете берет. Бул мамлекетти жакшылыкка алып келбейт.

Депутат Момбеков андан кийин экс-президент Алмазбек Атамбаев резиденцияны кеңсе кылып, адамдарды кабыл алып жатканын ырастады.

- Туура, азыркы күндө Алмазбек Шаршенович №3 резиденцияны иш бөлмөсү кылып, ошол жакта кабыл алып жатыптыр. Мен да кирип чыккам, - деди ал.

4-апрелде обого чыккан “Ыңгайсыз суроолор” берүүсүндө азыркы жана мурдагы президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси жана учурдагы саясий жагдай талкууланды.Экс-президент Атамбаев мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясына жаңы үй салдыртканын алгач интернет-сайттардын бири жазып чыккан. Кийин президенттин иш башкармалыгы муну тастыктап, курулушка 89,3 млн. сом кеткенин, анын 77,8 млн. сомун Атамбаев өз эсебинен чыгарганын билдирген. Үйдүн аянты 301,8 чарчы метр. 31-марттагы басма сөз жыйынында мурдагы мамлекет башчы муну өзү да ырастап, үйдү чет элдик досторунун акчасына курганын жарыялаган. (ErN)

XS
SM
MD
LG