Ушундай эле өлчөмдөгү кенемте башка себептер менен курман болгон жоокерлер үчүн да төлөнүп берилет. Былтыр аскерде түрдүү себептер менен өмүрүнөн ажыраган аскерлер үчүн 25 млн. сом төлөнүп берилген. Бул тууралуу 5-апрелде парламентте Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү депутат Махабат Мавлянованын суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтуусунда, 2015-жылы эки жоокер өмүрүн кыйган. 2016-жылы андай окуя катталган эмес. Былтыр бир учур катталган. Бул иштер боюнча иликтөө жүргүзүлүп, айыптуу адамдар жоопко тартылган.
Ушул тапта Жогорку Кеңеш “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн, аларга теӊештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндө” мыйзам долбоорун карап жатат.
Бул мыйзам долбоорунда ыкчам кызматта каза болгон аскер адамдарынын үй-бүлөлөрүн социалдык жактан коргоо жана алардын өмүрү үчүн камсыздандыруучу сумманы төлөө жагынан мамлекеттин жоопкерчилигин күчөтүү каралган.
Коргонуу боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлүнүн маалыматы боюнча, камсыздандыруу төлөмү мамлекет тарабынан төлөнөт. Мыйзам долбоору боюнча аскер кызматын өтүп жатып, өз жанын кыйган жоокерлерге да камсыздандыруу төлөнөт. (ZKo)