Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:07

АКШ орус миллиардерлерине жаңы санкция киргизери кабарланууда


АКШ түзгөн “Кремл же “олигархтар тизмесисинде" мамлекеттик "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер (солдо) жана "Роснефть" компанияларынын башчысы Игорь Сечин да бар.
АКШ түзгөн “Кремл же “олигархтар тизмесисинде" мамлекеттик "Газпром" компаниясынын башчысы Алексей Миллер (солдо) жана "Роснефть" компанияларынын башчысы Игорь Сечин да бар.

Маалыматтарга караганда, санкциялардын жаңы айлампасында президент Владимир Путинге байланышы бар миллиардерлер бутага алынмакчы.

"Рейтер" агенттиги менен “Вашингтон Пост” гезити аты аталбаган америкалык расмий өкүлдөргө шилтеме берип жазгандай, санкция жок эле дегенде беш орусиялык миллиардерге каршы киргизилгени турат.

Алар АКШда 2016-жылы болгон президенттик шайлоого Орусиянын кийлигишүүсүнө санкциялар аркылуу жооп кайтарууга жол берген мыйзамдын негизинде жазаланышмакчы.

Конгресс былтыр жайда кабыл алган мыйзам талабына ылайык, АКШнын Финансы министрлиги быйыл 30-январда “Кремл баяндамасы” деген документти жарыялаган.

Шарттуу түрдө “Кремл тизмеси” жана “олигархтар тизмеси” деп аталган баяндамага президент Путиндин эң жакын чөйрөсүнөн саясий кызматтагы 114 адамдын жана 96 "олигархтын" ысымдары камтылган. Андан бери АКШ ал тизмедигелерге каршы санкция киргизиши мүмкүн экени айтылып жүргөн.

"Рейтер" агенттиги менен “Вашингтон Пост” гезитинин маалыматына караганда, жаңы санкциялар 5 же 6-апрелде жарыяланышы күтүлөт.

АКШнын Орусияга каршы санкцияларынын акыркы айлампасы буга чейин 15-мартта киргизилген. Каржы министрлиги анда "2016-жылдагы президенттик шайлоого кийлгишкен жана эки жыл мурдагы киберчабуулдарга катышы бар" деген жүйө менен анда 19 адамды, беш уюмду, анын ичинде Орусиянын чалгын кызматтарын бутага алган. (UE)

XS
SM
MD
LG