Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:44

Күйүүчү май ташуучу унаалардын айдоочуларына түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү


"Сосновка" бекетиндеги нааразылык.
"Сосновка" бекетиндеги нааразылык.

Бир нече күндөн бери Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" бекетинде нааразылык акциясын уюштуруп жаткан айдоочулар менен транспорт жана жол министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев жана Автоунаа, суу транспорт жана салмак-көлөм боюнча агенттиктин жетекчиси Анарбек Бекмуратов жолугуп, сүйлөштү.

"Сосновка" бекетинде сексенге чукул күйүүчу май ташуучу унаа токтотулуп, айдоочулар 1-апрелден тартып күчүнө кирүүчү милдеттүү камсыздандыруу мыйзамына каршы чыгышкан. Алар ошондой эле жолдогу жүк ташуучу унаалардын салмагы менен көлөмүн көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрүнө да нааразылыгын билдиришкен.

Транспорт министринин орун басары Жеңишбек Ногойбаев милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу мыйзам 2008-жылы кабыл алынып, он жылдан кийин гана күчүнө кирип жатканын маалымдады. Ал эми салмак жана көлөм боюнча нааразылыкты аныкташ үчүн министрлик өкүлдөрү "Сосновка" бекетиндеги таразага жүк ташуучу унаалардын бирин айдоочулар менен чогуу тартып көрүшкөн. Министрликтин маалыматы боюнча, эки жолу тартканда да унаада кемчилик бар экени аныкталган.

Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы түшүндүрүү иштеринин натыйжасында 30 чакты күйүүчү май ташуучу унаа түштүктү көздөй багыт аланын маалымдады.

Күйүүчү май ташуучу унаалардын милдеттүү камсыздандыруу суммасы 60 миң сом. Камсыздандыруу айдоочунун, унаанын жана унаа туш болгон жол кырсыгында жабыркаган үчүнчү тараптын өмүрүн камтыйт.

Быйыл кышында Бишкек-Ош жолунда күйүүчү май ташыган унаалар тарабынан адам өлүмү менен коштолгон кырсыктар катталган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG