Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Таласта суур аткандар кармалды


Суур кармап турган киши. Иллюстрациялык сүрөт.
Суур кармап турган киши. Иллюстрациялык сүрөт.

Талас районунун Каракол участогунда мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн үч браконьер кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Кыргызстанда мергенчилик сезону аяктаганына карабай, алар тыюну бузуп аңчылык кылып жүрүшкөн. Текшерүү учурунда алардын жанынан төрт коёндун, үч суурдун жана бир улардын эти алынды.

Ошондой эле алардын жанынан табылган төрт мылтык (винтовка) менен 28 октун уруксат кагаздары жок экени аныкталды.

Кармалгандарга айыппул салынып, Жаратылышты коргоо жана пайдалануу департаментинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. (ErN)

XS
SM
MD
LG