Линктер

жекшемби, 24-июнь, 2018 Бишкек убактысы 11:20

Шаар мэриясынын маалыматы боюнча, 8-апрелден тартып Чүй проспектиси Жаш Гвардия бульварынан Павлов көчөсүнө чейин жана Шабдан баатыр көчөсүнөн Төрөкул Айтматов көчөсүнө чейин, ал эми Шабдан баатыр көчөсү Чүй проспектисинен Анкара көчөсүнө чейин транспорт кыймылы үчүн жабылат.

Бул жолдордун асфальт-бетон катмары калыбына келтирилип, жол жээгиндеги тосмолор жана жол белгилери жаңыланат.

Ушул тапта оңдоо иштерине байланыштуу дагы бир нече көчө оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу жабылган. Анын ичинен Жибек Жолу жана Чыңгыз Айтматов проспектисинин жабылышы катар жайгашкан көчөлөрдө автоунаа тыгынын пайда кылууда. (ZKo)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG