Линктер

бейшемби, 26-апрель, 2018 Бишкек убактысы 11:57

Грузияда көмүр кениндеги кырсыктан алты адамдын өмүрү кыйылды


Кырсык болгон көмүр кениндеги шахтерлор. 5-апрель, 2018-жыл.

Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, өлкөнүн батышында, борбор Тбилисиден 200 чакырымдай алыстыктагы Миндели көмүр кенинде шахтанын төбөсү урап түшкөн.

Бүгүнкү кырсыктан алты адамдын өмүрү кыйылгандан тышкары үч киши жабыркады.

Премьер-министр Георги Квирикашвилинин кеңсеси грузиялык компания иштеткен кенде коопсуздук нормалары канчалык сакталган-сакталбаганын аныктоо боюнча иликтөө башталганын маалымдады.

2011-жылдан бери ушул көмүр кениндеги ар кандай кырсыктардан кеминде он шахтердин өмүрү кыйылган. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG