Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарындагы мектептердин жогорку класстарынын окуучулары “Биз терроризмге каршыбыз!” деген ураан астында жөө жүрүшкө чыгышты. Иш-чараны Кара-Суу шаардык мэриясы менен кошо ИИМдин райондук бөлүмү УКМК менен бирге уюштурду.
Жөө жүрүш учурунда дин кызматкерлери, Сирияга барып келгендер, милиция жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жаштарды диний экстремизмден алыс болууга чакырышты. Иш-чара Кара-Суу шаарында, Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүндө өттү.
Кара-Суу району Сирияга кеткендердин саны жагынан Кыргызстанда эң алдыңкы орунда турат. Кара-Суу шаарынан 242 адам Сирияга кетсе, алардын ичинен 48и жаш өспүрүмдөр, 42си аялдар. Кеткендердин 90% 30 жашка чейинкилер, кайтып келгендердин саны 27 киши.
Кара-Суу районунан Сирияга кеткен факты 2016-жылдан бери каттала элек. (YI)