Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:34

Мечиттердин көрнөктөрүн кыргызча жаздыруу маселеси талкууланды


Зайырбек Эргешов, Назаркул Ишекеев, Максатбек Токтомушев жана Нуржигит Кадырбеков.
Зайырбек Эргешов, Назаркул Ишекеев, Максатбек Токтомушев жана Нуржигит Кадырбеков.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын муфтийи Максатбек Токтомушев жана “Ыйман” фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбековдор жолугушуп, дин чөйрөсүндө мамлекеттик тилди өнүктүрүү маселесин талкуулашты. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын басма сөз катчысы Назгүл Кадырназарова “Азаттыкка” билдирди.

Тараптар дин чөйрөсүндөгү терминдердин кыргызча вариантын иштеп чыгып, мечиттердин, диний уюмдардын ички, сырткы көрнөктөрүн мамлекеттик тилде жазууга өткөрүү маселесин козгошту. Алар диний мекемелерде жазуу иш кагаздарын мамлекеттик тилде болушуна көзөмөл күчөтүлүшү мүмкүн экенин да кеп кылышты.

Жолугушууда диний окуу жайларга, медреселерге кыргыз тилин жана адабиятын, Кыргызстан тарыхын, Кыргызстан географиясын билим берүүнүн стандартына ылайык, окуу сабагы катары киргизүү жана өркүндөтүү, окуу курстарын уюштуруу маселелери да айтылды.

Өз кезегинде ДИМКтин директору Зайырбек Эргешов учурда медреселерде дүйнөбий сабактар окутулуп, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин базасындагы теологиялык коллеждин алгачкы бүтүрүүчүлөрү даярдалып жатканын белгиледи. (ErN)

XS
SM
MD
LG