Бул тууралуу "Азаттыкка" Османгази университетинин студенти Гүлзина Абдыманап кызы билдирди.
- Биз азыр жакшы элебиз. Окуя бүгүн педагогика факультетинде болду. Анда биздин университетте эле мугалим болуп жүргөн адам төрт кишини тапанча менен өлтүрүптүр. Биз, кыргыздар, күбө болгон жокбуз, бирок дагы эле университетте катуу текшерүү болуп жатат.
Эскишехир шаарындагы Османгази университетинде кыргызстандык алты студент билим алат.
“Доган” маалымат агенттиги полиция ок аткан адамды кармай алганын билдирди. Кол салуунун себептерин Эскишехир шаардык прокуратурасы иликтөөдө.
Османгази университетиндеги бул жумада өтүүчү бардык сынактар кийинки жумага алынды. Окуу жайда учурда күчөтүлгөн текшерүү бар.
Tүркияда жалпысынан 183 университет бар. Алардын 118и мамлекеттик, ал эми 65и жеке менчик жогорку окуу жайлар. Бул университеттерде 203 өлкөдөн 115 миңден ашуун чет өлкөлүк студент билим алат. Алардын эки миңге жакыны кыргызстандык студенттер. (ElB)