Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Түркия: университетте ок аткан адам курмандыктарын "гүленчилер" деп санаган


Бул тууралуу Эскишехир шаарындагы Осмонгази университетинин ректору Хасан Гонен билдирди.

Ректордун айтымында, аталган университеттеги бүгүнкү окуяга шектүү өзү атып өлтүргөн төрт кишини АКШда жашаган диниятчы Фетхулла Гүлендин жактоочулары катары караган.

Гүленди Түркиянын бийликтери 2016-жылдын жайындагы аскерий төңкөрүш аракетинин артында турду деп айыптап, диниятчы өзү мындай ырастоолорду четке каккан болчу.

Мамлекеттик “Анадолу” жаңылыктар агенттиги ок аткан адам университеттин иликтөөчүсү экенин, ал декан орун басарын, катчыны жана дагы эки окутуучуну атып салганын маалымдаган.

Бүгүнкү окуя учурунда кыргызстандык студенттер жабыркабагандыгын "Азаттыкка" алардын бири Гүлзина Абдыманап кызы кабарлады:

- Биз азыр жакшы элебиз. Окуя бүгүн педагогика факультетинде болду. Анда биздин университетте эле мугалим болуп жүргөн адам төрт кишини тапанча менен өлтүрүптүр. Биз, кыргыздар, буга күбө болгон жокпуз, бирок дагы деле университетте катуу текшерүү болуп жатат.

Эскишехир шаарындагы Осмонгази университетинде учурда кыргызстандык алты студент да билим алат. (UE/EIB)

XS
SM
MD
LG