Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:20

Кыргызстанда "Баарына ден соолук!" аттуу акция башталат


Бишкектеги дарыканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Бишкектеги дарыканалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 6-7-апрелдеги республикалык масштабдагы акция Дүйнөлүк ден соолук күнүн утурлай өткөрүлгөнү жатат. "Баарына ден соолук!" деген ураан алдындагы иш-чараны аталган мекеме "Beeline" компаниясы жана "Саламат клуб" ыктыярчылар кыймылы менен чогуу уюштурууда.

Маалыматка караганда, эки күн бою өлкө аймагында саламаттыкка кам көрүү боюнча маалымдоо, алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт. Студент-ыктыярчылар калкка гипертониянын, жүрөк-кан тамыр дарттарынын, диабеттин алдын алуу боюнча маалыматтарды таратат. Ошондой эле флешбом, сынак, суроо-жооп оюндары жана спорттук мелдештер белгиленген.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму быйылкы Ден соолук күнүн "Кайсы жерде болбосун баарына тегиз медициналык тейлөө" деген теманын алдында өткөрмөкчү.

Дүйнөлүк саламаттык күнү жыл сайын 7-апрелде белгиленет. Жылына дүйнө боюнча тынчсыздануу жараткан ар кандай оорулардын алдын алууга, дарылоого көңүл бурулат. 2017-жылы депрессия, 2016-жылы диабет негизги тема болгон. (NT)

XS
SM
MD
LG