Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Билим берүү мекемелериндеги өрт коопсуздугу текшерилет


Чаткалдагы өрт чыккан бала бакча. 5-апрель, 2018-жыл.
Чаткалдагы өрт чыккан бала бакча. 5-апрель, 2018-жыл.

Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бардык билим берүү мекемелеринде өрт коопсуздугунун эрежелери канчалык жакшы сакталганын аныктоо боюнча биргелешкен буйрук чыгарды. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги кабарлады.

Маалыматка караганда, буйруктун негизинде облустук, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыктарына, бардык жогорку жана орто окуу жайларынын, мектептердин, интернаттардын, бала бакчалардын жетекчилерине өрт коопсуздугунун эрежелери кандай сакталып жатканын карап чыгуу тапшырылды.

Буйруктун аткарылышы тууралуу алар квартал сайын Билим берүү жана илим министрлигине отчет жөнөтүүгө милдеттендирилди. Окуучулар, студенттер жана балдардын өмүрү, саламаттыгы үчүн билим берүү мекемелеринин биринчи жетекчилери жооптуу экени айтылды.

5-апрелде Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айылындагы бала бакчада өрт чыгып, анын чатыры күйүп кетти.

XS
SM
MD
LG